Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия аймактарында жашыл долбоорлорду ишке ашырууга 100 миллиард доллар инвестиция салууга ниеттенүүдө. Каржы институтунун өкүлдөрү Климатты сактоо үчүн күрөштө аймактык биримдик конференциясынын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн климат боюнча биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн, ошондой эле, Казакстандын жашыл долбоорлорду өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө кошкон зор салымын белгилешти.
Масацугу Асакава, АӨБ президенти:
- Борбордук Азия бул глобалдык чакырыкты чечүүдө негизги ролду ойнойт жана Азия өнүктүрүү банкы 2019-2030-жылдарга климатты каржылоого 100 миллиард доллар бөлүүдө. Бул жылына болжол менен 8,8 миллиард долларды түзөт. Албетте, бул чоң акча, бирок глобалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн аны натыйжалуу пайдалануу керек. Ошондуктан, биз көздөгөнүбүзгө жетүү үчүн жана пандемиядан кийин калыбына келүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен, өзгөчө Казакстан менен кызматташууну каалайбыз. 100 миллиард доллардын 66 миллиард долларын климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана ыңгайлаштыруу үчүн, ал эми 34 миллиард долларын инвестиция салууну мерчемдеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков