Казакстан Евразиядагы алдыңкы соода-логистикалык хаб позициясын ээлөөгө умтулууда. Өлкө бизнеске ЕАЭБдин, Борбордук Азиянын жана Кытайдын бир жарым миллиард рыногуна түз чыгууну камсыздай алат. Бул тууралуу бүгүн казак-словения бизнес форумунда президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. Мамлекет башчысы чет элдик инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири айтып берди. Ошентип, бүгүнкү күндө Казакстан экономикасы тез өнүгүп жаткан региондогу эң ири оюнчулардын бири. Өлкө логистикалык борбор катары чоң дараметке ээ. Казакстан аркылуу өткөн жылы жүк ташуу көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 514 миллиард тонна-чакырымга жетти. Учурда республика Европа менен Кытайдын ортосундагы кургактагы соодасынын 90%ын камсыздайт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биз Орто коридор жана Түндүк-Түштүк сыяктуу ири эл аралык транзиттик артерияларды активдүү өнүктүрөбүз. Каспий деңизи аркылуу өтүүдө биздин Актау жана Курык порттору чоң роль ойнойт. Алар аркылуу ташылган жүктүн көлөмү өткөн жылы рекорддук чекке — 4,5 миллион тоннага жетти. Транспорттук байланыштарды чыңдоо жана сооданы кеңейтүү үчүн биз Словениядагы эң ири порт болгон Копер порту менен тажрыйба алмашууга жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталганбыз.
Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин келечектүү
багыты катары өнөр жай жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты атады.
Айрыкча казак мунайынын дээрлик 70% Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттолгондуктан,
бул жерде мүмкүнчүлүктөр чындап эле чоң. Өнөктөштүк үчүн дагы бир келечектүү
багыт жашыл энергетика. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев словениялык
өнөктөштөрдү агроөнөр жай комплекси, фармацевтика жана IT тармагында
биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

