Казакстанда мунай өндүрүү жана авиа ташуу тармактарын демопонолизациялоо боюнча жаңы чаралар кабыл алынат

Казакстанда мунай өндүрүү жана авиа ташуу тармактарын демопонолизациялоо боюнча жаңы чаралар кабыл алынат

Өкмөт муну келечекте жоюу чараларын карап чыкты. Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн атайын комиссиянын жыйынында жүргүнчүлөрдү ташуучу аба транспорту рыногунда монополияга каршы жаңы чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштар каралды. Буга кошумча мунай өнүмдөрүн өндүрүү тармагындагы демонополизациялоо маселесине да токтолду. Атап айтканда, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун биринде техникалык тейлөөнүн негизги функцияларын аутсорсингден ишкананын өзүнө кайтаруу маселелери талкууланды. Бул аталган кызматтарды аткарууга катышкан ашыкча ортомчуларды алып салууга мүмкүндүк берет. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген чечимдерди ишке ашыруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков