Президент борбордун өндүрүштүк объекттерин кыдырды

Президент борбордун өндүрүштүк объекттерин кыдырды

Астанада Жалпы улуттук пулдун алкагында 1,9 триллион теңгеге 120 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Президентине борбор калаанын өндүрүштүк жана социалдык объекттерине барган учурда маалымдалды. Касым-Жомарт Токаев Tausogar заводунда өлкөнүн ири курулуш компаниялары тарабынан талап кылынган мунара крандарын, лифттерди жана эскалаторлорду өндүрүү процесси менен таанышты. Андан ары Касым-Жомарт Токаев кайра иштетүү өнөр жайы заводдорунун өнүмдөрүнүн көргөзмөсүн көрдү. Бул жерде гипсовинил панелдери, түтүктөр, өрт сигнал берүү системалары көрсөтүлгөнанын баары №1 Индустриалдык паркта жайгашкан ишканалардын товарлары. Мамлекет башчысына экинчи Индустриалдык парктын пландары тууралуу да маалымат берилди. Ал жерде 500 миллиард теңгеге 100дөн ашык долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Касым-Жомарт Токаев брондолгон дөңгөлөктүү жана чынжырлуу автоунааларды өндүрүү жана техникалык тейлөө боюнча Besqaru заводуна барды. Президент өндүрүштүк цехтерди көрүп, ишкананын технологиялык процесси менен таанышты. Компания Taimas, Aibar сууда жүрүүчү дөңгөлөктүү брондолгон унаалардын 200гө чейин бирдигин, ошондой эле, Tulpar чынжырлуу техникасын чыгарат. Завод өз өнүмүн Казакстандын Коргоо министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрүнө арнап чыгарат. Белгилей кетсек, өндүрүштүк аянтча ушул жылдын бирдин айында ишке киргизилген, долбоордун наркы 13,5 миллиард теңгени түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков