Казакстан Европага «жашыл» энергия экспорттойт

Казакстан Европага «жашыл» энергия экспорттойт

Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан жашыл энергия өндүрүү жана берүү тармагында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт. Сенат дал ушуга  багытталган келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Тиешелүү документ үч өлкөнүн кубат системаларын бириктирүүгө, ошондой эле «таза» энергияны Европага жана башка аймактарга транзиттештирүүнү уюштурууга негиз салат. Келишим ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана коммерциялык шарттарды белгилейт. Ошондой эле ал энергиянын натыйжалуулугун арттырууга арналган жаңы технологияларды киргизүүнү карайт. Сенаторлор энергетикалык коридорду ишке киргизүү Каспий аймагы менен Борбордук Азиянын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн аймактык өнөктөштөр менен күч бириктирүүгө мүмкүндүк берерин белгилешет.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын Төрагасы:

– Каралган үч тараптуу келишим өлкөлөрүбүздүн ортосунда жашыл энергетиканы өнүктүрүү жолундагы биргелешкен ишти аныктайт. Анын натыйжалуулугун арттыруу үчүн тараптар атайын башкаруучу комитет жана жумушчу топторду түзүүнү көздөп жатышат. Бул мыйзамдын кабыл алынышы өлкөбүздө кайра жаралуучу энергия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоого өз салымын кошот деп ишенебиз.

Сүйиндик Алдашев, Парламент Сенатынын депутаты:

- Макулдашууну ратификациялоо өлкөбүзгө аймактык энергетикалык хаб катары макамын бекемдөөгө жана төмөн көмүртектүү өнүмдү экспорттоо аркылуу экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, макулдашуу электр энергиясын жеткирүү менен эле чектелбестен, «жашыл» суутек жана аммиак тармактарын өнүктүрүүгө да түрткү берет. Казакстанда 2040-жылга чейин суутек энергетикасын өнүктүрүү боюнча жаңыланган концепция кабыл алынды. Ушундан улам аталган багыттын мааниси мындан ары да арта түшөт.

Белгилей кетсек, Казакстан альтернативдүү энергия булактарынын мүмкүнчүлүгүн арттырып келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 164 жаңылануучу энергия булактарынын объектиси иштейт. Алар күн, шамал, суу жана биогаз электр станциялары. Былтыр алар 8 жарым млрд кВт/сааттан ашык кубат өндүргөн. Бул өлкөдөгү жалпы өндүрүш көлөмүнүн 7%ын түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков