Мамлекет башчысынын атынан ооз ачар өткөрүлдү

Мамлекет башчысынын атынан ооз ачар өткөрүлдү

Мамлекет башчысынын атынан Улуттук курултайдын катышуучулары үчүн ооз ачар өткөрүлдү. Президент чогулгандарды Ыйык Рамазан айы жана Нооруз майраманын башталышын символдоштурган Көрушүү күнү менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев улуттук курултайдын кезектеги жыйынында бир катар баалуу сунуштар айтылып, казакстандыктарды түйшөлткөн маселелер көтөрүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы Улуттук курултайдын коомду жаңыртуудагы өзгөчө ролун баса белгиледи. Анткени, анын мүчөлөрүнүн демилгелери көптөгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө жардам берет. Бул багыттагы иштер улантылат, деди Президент. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев элдин биримдиги – стабилдүүлүктүн жана мамлекеттин тынчтыгынын кепилдиги экенин дагы бир жолу эскертти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков