ЕАЭБ аймагында биргелешкен өндүрүштүк долбоорлор субсидияланды

ЕАЭБ аймагында биргелешкен өндүрүштүк долбоорлор субсидияланды

Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагында ишке ашырылып жаткан өнөр жай тармагындагы биргелешкен кооперативдик долбоорлор каржылык колдоо алат. Өлкө Мажилиси мунун укуктук негизин түзгөн мыйзамды кабыл алды. Протоколго ылайык, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардан түшкөн жалпы сумманын 10% каржылоо булагы болот. Каражат биримдикке мүчө өлкөлөрдүн улуттук банктары белгилеген базалык чендин  100% өлчөмүндө  каржы уюмдарга жана Евразия өнүктүрүү банкына субсидия түрүндө берилет. Бир долбоор боюнча субсидиянын максималдуу суммасы жылына 1 миллиард 890 миллион теңгени түзөт. Ал 5 жылдын ичинде 9 миллиард 450 миллион теңгеге жетет. Башкача айтканда, өндүрүш борборлору биргелешкен долбоорду 5 жылда ишке ашырышы керек. Бул жаатта насыя  базалык чендин 6,5% ашпоого тийиш. Ошондой эле, кооперацияга кеминде  биримдикке мүчө 3 мамлекеттин ишканалары катышууга тийиш. Каржылоонун жаңы механизми боюнча долбоорлор бир нече этап менен тандалат. Бул үчүн карыз алуучу алгач каржылык мекемеге арыз берет. Ага ылайык, тизмеге Казакстандан 15 каржы уюму киргизилди.

Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:

- Долбоор Евразиялык экономикалык комиссиясынын серепчилик тобу жана өнөр жай боюнча консультативдик комитетинде, ошондой эле, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жана Кеңешинин отурумунда каралат. Долбоорду кароонун бардык этаптарына мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Долбоорду жана гранттык субсидияларды бекитүү жөнүндө чечим Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңешинде кабыл алынат. Бул Кеңешке Казакстандын Премьер-министринин орун басары  мүчөлүк кылат.

Орусия 2033-жылга чейин Казакстан аркылуу 70 млн тонна мунайды Кытайга экспорттойт

Ошондой эле, Мажилис орус мунайын Казакстан аркылуу Кытайга ташуу боюнча келишимге өзгөртүүнү кабыл алды. Документке ылайык, тараптар келишимди 2024-жылдан 2033-жылга чейин узартууга өз ара кызыктар экенин билдирген. Натыйжада Орусия 10 жылдын ичинде КЭРна 100 миллион тонна чийки зат экспорттойт. Өлкөнүн энергетика министринин отчётуна ылайык, транзиттен күтүлүп жаткан киреше 1 миллиард 850 миллион доллардан ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков