Президент бир катар мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент бир катар мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

«Акорда» резиденциясында жети мамлекеттин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин Казакстан Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Испания Королдугунун, Эстониянын, Өзбекстандын, Судандын, Руанданын, Доминиканын жана Маврикий Республикасынын өкүлдөрү дипломатиялык документтерди тапшырышты. Касым-Жомарт Токаев элчилерди Казакстандагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Казакстан өзүнүн тышкы саясатында тынчтыкты жактайт, БУУнун Уставынын принциптерин бекем карманат жана эл аралык кызматташууга ар дайым ачык. Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк мейкиндиктеги ордун эч кандай структура алмаштыра албайт деп бекем ишенебиз. Биз бул уникалдуу уюмду ар дайым колдойбуз. Буга байланыштуу биз сиздердин өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков