Казакстанда кайра жанма энергия булактары боюнча дагы бир нече долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Маселен, Жамбыл облусунда шамал электр станциясы пайда болот. Анын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт. Жашыл долбоорду Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы каржылайт. Объекттин курулушуна Эл аралык каржы институту 36 миллион доллар бөлөт. Учурда альтернативалык энергия булагы долбоорун Кытай жана Дубай компаниялары иштеп чыгууда. Ошондой эле, бул демилгеге Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан дагы кошумча каражат бөлүнөт. Аталган демилге “Жашыл климаттык фонд” жана “Таза технологиялар фонду” тарабынан да колдоого алынат. Ал эми француз тарап Казакстандын аймагында жалпы кубаттуулугу бир гигаваттык энергия сактоо тутумун түзгөн шамал электр станцияларын курууну мерчемдөөдө. Долбоор эки этап менен ишке ашат. Муну менен катар, Костанай облусунда дагы бир альтернативалык энергия булагы объектисинин курулушу жүрүп жатат. Шамал электр станциясы 48 мегаватт электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. “Qazaq Green” порталынын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 130 кайра жанма энергия булагы иштеп жатат. Анын 46 шамал, 44 күн, 37 суу жана 3 биоэлектр станциялары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков