Казакстан жана Грузия мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Казакстан жана Грузия мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Казакстан менен Грузия санариптик чечимдер жаатында тажрыйба алмашат. Эки өлкөнүн өкүлдөрү кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ тажрыйба алмашууну гана эмес, электрондук мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүнү, мамлекеттик системаларга жасалма интеллектти киргизүүнү жана калкты тейлөө борборлорунун ишин өркүндөтүүнү да караштырат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда мамлекеттик кызматтардын дээрлик 90% онлайн режиминде жеткиликтүү. 2025-жылдын башынан бери калкка 51 миллиондон ашык санариптик кызмат көрсөтүлдү. eGov тутумунда 220дан ашык электрондук сервис иштейт.


Арман Кенжегалиев, «Жарандар үчүн өкмөт» мамлекеттик корпорациясы башкармалыгынын төрагасы:


Грузин делегациясы менен меморандумга кол коюу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Мындай жумушчу сапарлар менен өнөктөштүк биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, Казакстанда мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, жаңы чечимдерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков