2023-жылы Казакстан өкмөтү 32 мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Жалпысынан бул жылы коомдук тартип, экономика, бюджет, медиа жана социалдык тармактардагы мыйзам чыгаруу демилгелери ишке ашырылды. Башкача айтканда, 5 мыйзам долбооруна президент кол койду, 20сы парламенттин кароосунда болсо, калгандары мамлекеттик органдардын бекитүү баскычында. Ал эми келерки жылдын планында 18 документти иштеп чыгуу каралган. Алардын арасында жаңы санариптик кодекс жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүн мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлору бар. Премьер-министр бул документтерди кабыл алуу IT тармагын өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды тартууга, стартаптардын дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Алихан Смаилов, Казакстан
Республикасынын Премьер-Министри:
- Билим берүү жана
илим
тармагын
өнүктүрүү,
ошондой
эле,
ЖОЖдордо туруктуу каржылоону камсыз кылуу жаатында максаттуу капиталдык фонд
тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат. Укук коргоо органдарында коррупциянын
алдын алуу максатында жаңы мыйзам долбоору жана кесиптик этиканы текшерүү институту киргизилет. Мындай жол менен
мамлекеттик жөнгө салуунун өзөктүү милдеттерин чечүүгө зарыл болгон укуктук долбоорлорду иштеп чыгуу мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков