Казакстанда тунгуч Техношаар курулат. Бул алдыңкы технология, илим, университеттер жана бизнес топтолгон өзгөчө макамы бар илимий шаар болмокчу. Аны Алматыга жакын жерде 500га аянтка жайгаштыруу сунушталды. Аймагынын үчтөн бири жогорку окуу жайлар, илимий изилдөө институттары жана технопаркке бөлүнөт. Алар кадр даярдоо менен жаңы иштеп чыгууларды жасоого негиз болот деп күтүлүүдө. Робототехника, электроника, биотехнология, медициналык техника, агроөнөр жай комплекси, тамак-аш өнөр жайы менен атом энергетикасы жана химия тармагына басым жасалат. Бул учурда жаңы энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллектти өнүктүрүү башкы көңүлдө болот. Башкача айтканда, мында илимий-изилдөө иштеринен баштап, өндүрүш жолуна коюуга чейинки толук цикли бар тармактык кластерлер калыптандырылмак. Концепцияны иштеп чыгуу жүрүшүндө мыкты эл аралык тажрыйба менен алдыңкы долбоорлор изилденди. Бул иш Мамлекет башчысынын Улуттук курултайда берген тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

