Президент Бээжинде Аль-Фараби бюстунун ачылышына катышты

Президент Бээжинде Аль-Фараби бюстунун ачылышына катышты

Бээжиндеги Тил жана маданият университетинде Аль-Фарабиге арналган бюст орнотулду. Анын ачылыш аземине Казакстандын Президенти катышты. Касым-Жомарт Токаев орто кылымдагы философтун дүйнөлүк цивилизацияга кошкон зор салымын баса белгиледи. Чыгыштын улуу ойчулу Казакстандын аймагында туулуп-өскөн. Аль-Фараби математика, табият таануу, астрономия, филология жана башка бир катар илимдердин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Бюсттун автору – дүйнөгө белгилүү көрүнүктүү скульптор У Вэйшань.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Аль-Фарабинин 1150 жылдыгы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маанилүү күндөрүнүн тизмесине киргизилди. Бул мааракени 2020-жылы өзгөчө белгиледик. Эл аралык илимий симпозиумдар, конференциялар уюштурулду. Монографиялар жана жыйнактар ​​жарык көрдү. Документалдуу фильмдер тартылды. Мына ушулардын бардыгы Аль-Фарабинин чыгармачылыгын терең түшүнүүгө мүмкүндүк берип, анын бай мурасын ар тараптан пропагандалоого жол ачты. Эми философ тууралуу бир катар илимий эмгектер кытайлык окумуштууларга жана жаштарга жеткиликтүү болот.

Касым-Жомарт Токаев бир кезде аталган университетте окуганын, ошондуктан Аль-Фарабинин бюстун ачуу ал үчүн чоң сыймык болгонун эске салды. Мамлекет башчысы улуу ойчулдун мурасы билим берүү мекемелеринде ар тараптуу изилденип, муну менен маданий байланыштар бекемделерине ишеним билдирди. Мындан тышкары, Президент такшалма учурунда ага сабак берген профессор Лю Шицин менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Бээжиндеги Тил жана маданият университетине Абу Наср Аль-Фарабинин портретин тапшырып, аталган окуу жайда билим алып жаткан казакстандык студенттер менен пикир алмашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков