Жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында быйыл Казакстандын электр станцияларында 10 энергоблок, 55 от казан жана 45 турбинаны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Жалпысынан кышкы сезонго даярдык көрүүнүн жүрүшүндө 21 миң чакырымга жакын электр чубалгыларын жана 423 жогорку вольттогу көмөкчордондорду жаңылоо пландалууда. Реконструкциялоо иштери менен 541 километр жылуулук тармактары жабылат. Өлкө өкмөтү инфраструктураны жылытуу мезгилине даярдыгы бекемделди. Премьер-министр Олжас Бектенов бул боюнча Энергетика, өнөр жай жана курулуш министрликтерине конкреттүү тапшырмаларды берди. Аларга жылуулук булактарын жана тармактарды өз убагында сапаттуу оңдоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Аяк оона айынын ортосуна чейин борбордук, түндүк жана чыгыш аймактарында. Калган аймактарда тогуздун айынын 15не чейин бардык инженердик инфраструктураларды толук даярдыгын камсыз кылуу зарыл.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
- Алдыдагы 2024-2025-жылдардын күз, кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерин талап кылынган көлөмдө жана макулдашылган мөөнөттө жүргүзүү, пландалган оңдоолордун көлөмүн, анын ичинде имараттарды жана курулуштарды кыскартууга жол бербөө, энергия булактарында отундун жана кор бөлүктөрүн нормативдик резервин түзүү кажет. Энергетика министрлиги борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте аймактарда жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү улантат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков