Шахтадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Шахтадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Президент Касым-Жомарт Токаев «АрселорМиттал Темиртау» шахталарынын биринде кырсыктан каза болгон жумушчулардын жакындарына көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен анын себептерин аныктоо, чукул чараларды көрүү жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Кырсык боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен окуянын келип чыгуу себептери аныкталат. Эске сала кетсек, кырсык Ленин атындагы кендеги скважинаны бургулоо учурунда газдын чыгып кетишинен улам болгон. Тилекке каршы, жабыркагандар бар.

Арман Калыков, АК «АрселорМиттал Темиртау» көмүр департаментинин мүдүрү:

Кырсык болгон учурда шахтада жер астында 106 адам болгон. Алардын тогузу жабыркады. 5 адам каза болуп, төрт адам учурда ооруканада. Азыр авариялык куткаруу иштери жүрүп жатат. Курман болгондордун жакындарына жана шахтерлорубуздун кесиптештерине көңүл айтабыз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган кенчилерге бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков