ТИМ: айрым чет элдик ЖМКлары жалган маалымат таратууда

Бир катар чет элдик маалымат каражаттары Казакстандагы кырдаал боюнча үстүртөн жана бир жактуу маалыматтарды таркатууда. Мындай билдирүү Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеме казак бийлигинин куралдуу күчтөрү жана укук коргоо органдары тынч демонстранттар менен эмес, террорчулар менен күрөшүп жатканын баса белгиледи. Муну менен катар, Тышкы иштер министрлиги экстремисттик топторго каршы аскердик операцияларды ЖККУнун бейпилдик күчтөрү эмес, казак армиясы жүргүзүп жатканын эскертти. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү кырдаал турукташкан соң, казак тараптын биринчи өтүнүчүнөн кийин эле өлкө аймагынан кетери анык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков