Казакстандын унаа өнөр жайы чоң ийгиликтерди жаратып жатат. Көрсөткүчтөрдүн өсүшү жыл сайын өндүрүштө да, экспортто да байкалууда. Бери дегенде 15-20%. Казак Авто Бизнес Ассоциациясынын адистеринин айтымында, сатылган 3 автоунаанын экөө ички өндүрүш. Натыйжада ушул жылдын 5 айында эле өлкө тургундары 28 жарым миң ата мекендик автоунаа сатып алышты. Жалпысынан өткөн жылы 67 миңге жакын жабдуу, анын ичинде автобустар жана жүк ташуучу унаалардын тетиктери чогултулган. Чет өлкөгө 8 миңден ашык унаа жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, казакстандык унаалар Орусия менен Өзбекстандын жарандарынын арасында чоң суроо-талапка ээ. Ошол эле учурда жакынкы келечекте ата мекендик автоунаа тармагы жылына 100 миңден ашык автоунаа чыгарууну көздөп жатат. Ошондой эле ассортиментти бир кыйла көбөйтүү пландары бар. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндүн башкы максаты - өлкөнүн автопаркын мүмкүн болушунча жаңыртуу.
Ербол Сейпилов, Казакстан авто-бизнес бирикмесининин техникалык жөнгө салуу боюнча мүдүр:
- Эгерде бизде буга чейин рынокто бир нече бренддер болгон болсо, ал убакта тандоо өтө эле аз болчу. Бүгүнкү күндө бизде Кореянын унаалары дагы, Американын дагы унаалары бар. Келечекте дагы башка инвесторлор жана бренддер ата мекендик автоиндустрия катары бизге келишет. Бизде азыркы учурда Trade-in соода-сатык тутуму бар. Ал дагы өзүн жакшы көрсөттү. Бул учурда бир нече жыл ичинде сиз өзүңүздүн автоунааңызды сатып алган баа менен бирдей баада сата аласыз жана кайрадан көргөзмө залынан жаңы транспортко алмаштыра аласыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков