Бээжинде Казакстандын туристтик дарамети тааныштырылды

Бээжинде Казакстандын туристтик дарамети тааныштырылды

«Жибек жолу голограммасы: Казакстанга санариптик туризм». Бул Бээжиндеги көргөзмөнүн аталышы. Интерактивдүү экспозиция бир ай бою Кытайдын борборунун тургундары үчүн ачык болот. Бул жерден саякатчылар өлкөнүн тарыхый кооз жерлери, бай маданияты, кол өнөрчүлүгү жана тарыхы менен тааныша алышат.

Чэнь Сяохань, Бээжин илимий-техникалык кызмат компаниясынын өкүлү:

- Көргөзмөдө кеңейтилген жана виртуалдык реалдуулук, космостук моделдөө менен башка технологиялар колдонулду. Кытайдын илимий-фантастикалык тармагы аркылуу биз маданий жана туризм тармагын жандандыраарыбызга ишенебиз.

Гао Цин, көргөзмөнүн коногу:

- Казакстанда боло элек болсом да, анын кереметтүү жаратылышын көрө алдым. Технология аркылуу Казакстанды жакындан тааныгандан кийин, мүмкүнчүлүк болсо сөзсүз барам - деп чечтим.

Көргөзмөгө келгендер Казакстан менен Кытайдын эки тараптуу кызматташтыгы менен тааныша алышат. Өзүнчө экранда акыркы 30 жылдагы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин өнүгүүсүнүн маанилүү этаптары тууралуу маалымат берилген.

Яо Пэйшэн, Кытайдын Казакстандагы мурунку элчиси:

- Заманбап технологиялар абдан актуалдуу, аларды колдонуу менен көп нерсе жасоого болот. Бүгүн ачылган көргөзмө виртуалдык болгону менен, бардык кадрлар абдан реалдуу. Бул көргөзмөнү башка шаарларда да уюштуруу керек - деп ойлойм. Мындай иш-чаралар абдан маанилүү, анткени ал өлкөлөр ортосундагы өз ара байланышты күчөтүүгө жардам берет.

Катышуучулардын айтымында, санариптик иш-чара туристтерди виртуалдуу жерлерди реалдуу жашоодо барып көрүүгө үндөп, кызыгуусун арттырды.

 

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков