Дүйнөнүн
34-ракеткасы Адриан Маннарино Астанада өтүп жаткан ATP 250 турниринин финалына
чыкты. Жарым финалда франциялык оюнчу 58-орунда турган австриялык Себастьян
Офнерди 6:4, 6:2 эсебинде утуп алды. Кортто биринчи жолу беттешкен атаандаштардын
оюну бир сааттан ашыкка созулду. Эми Маннарино Astana Open турниринин чечүүчү
беттешинде чемпиондук үчүн америкалык оюнчу Себастьян Корда менен ойнойт. Белгилей
кетсек, франциялык спортчунун Astana Open турнирине катышып, финалга чыгышы
биринчи жолу эмес. 2020-жылдын башында ал титулдук беттеште австралиялык Джон
Миллманга утулуп калган. Маннаринонун айтымында, ал атаандашы менен финалдык
беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатат. Анткени
Астанадагы бул оюн абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков