Казакстандын президенти космос тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин,
ошондой эле Байкоңур шаарынын тургундарын Байкоңур космодромунун 70 жылдыгы
менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул дүйнөлүк космонавтиканын бешиги болгонун
белгиледи. 1957-жылы Байкоңурдан Жердин биринчи жасалма спутниги учурулуп,
1961-жылы алгачкы космонавт Юрий Гагарин бул жерден тарыхый учуу менен аттанган.
Токтар Аубакиров, Талгат
Мусабаев, Айдын Айымбетовдор ушул жерден космоско учушкан. Ошондон бери Байкоңурдан миңдеген спутниктер
учурулду, ондогон адам башкарган миссиялар аткарылды. Ал эми Казакстан улуттук
экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар ири космостук долбоорлорду ишке
ашырды. Өлкө Байкоңурду
эл аралык кызматташтыктын, илимий алмашуунун, туристтик жана билим берүүчү
борборго айландырууга умтулууда, деп баса белгиледи Казакстандын Президенти.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

