Казакстанда алгачкы жолу БУУнун тынчтык операцияларына катышуу үчүн аскерлер тажрыйбадан өтүп жатат

Казакстанда БУУнун тынчтык орнотуу операцияларына катышуу үчүн аскер байкоочуларына тажрыйбалык окуу курсу башталды. Пилоттук курс Коргоо министрлигинин Алматы облусундагы тынчтык операцияларынын борборунда өтүүдө. Буга чейин казакстандык аскер кызматкерлерин мындай операцияларга байкоочу катары катышуу үчүн башка өлкөлөрдөн гана чет элдик адистер даярдалып келген. Окутуунун программасы уюмдун ар кайсы мамлекеттерде тынчтыкты сактоо миссияларына катышкан тажрыйбалуу адистер тарабынан иштелип чыккан.

Рүстем Сулейменов, Казакстан Республикасынын коргоо министрлигинин тынчтык операциялык борборунун башчысы:
-Миссияларга аскердик байкоочуларды жиберүү шашылыш болгондуктан, өзүбүздүн курстарды уюштуруу зарылчылыгы келип чыкты. Бул программалар БУУнун бардык окутуу талаптарына жана документтерине ылайык уюштурулган. Азырынча ал пилоттук курс катары өткөрүп жатат. Келерки жылы аны тынчтыкты сактоо операцияларынын борборунда расмий түрдө күбөлөндүрүүнү пландап жатабыз.

Кепилге алуу, суракка алуу, бошотуу. Аскердик байкоочулар стресске туруштук бере алышы керек жана мындай кырдаалдарда тез жана туура реакция кылууга тийиш. Ал эми эң негизгиси эмоционалдык туруктуулук. Алдыдагы убакытта бул курс аттестациядан өтсө, Казакстандын эле эмес, башка мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азиянын да аскер кызматкерлери Алматыдагы тынчтыкты сактоо операцияларынын борборунда окутулат. Эске сала кетсек, буга чейин ата мекендик аскер кызматкерлери БУУнун Непал, Батыш Сахара, Ливан, Борбордук Африка Республикасы жана Малидеги миссияларына катышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков