К.Токаев: Казахстан Модернизациянын жаңы баскычына кирди

К.Токаев: Казахстан Модернизациянын жаңы баскычына кирди

Казакстандын президенти «Түркестан» гезитине интервью берди. Касым-Жомарт Токаевдин салт боюнча, үчтүн айынын башында ЖМК өкүлү менен жолугушуусунда өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, келе жаткан 2026-жылга негизги милдеттерди аныктады. Маселен, өлкөнүн экономикасы 6 пайыздан ашык өсүп, ИДӨ 300 миллиард доллардан ашты, жан башына эсептегенде 15 миң доллар. Бул өлкө үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн рекорддук көрсөткүчтөр. Бирок жетишкендиктер муну менен токтоп калбайт. Бул жылы Өкмөт жана акимдер мамлекеттин социалдык-экономикалык алкагын бекемдөөгө тийиш, деп белгиледи Президент. Ошону менен бирге өлкө транзиттик-логистикалык дараметти өнүктүрөт. Бул стратегиялык мааниге ээ маселе. Казакстан Евразиянын транспорттук хабына айланышы керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Улуттук чек аралардан ашкан кеңири транспорттук системаны түзүүгө жетишилди. Казакстан океан аркылуу ташуулардан четте турганы менен, Сары деңизден Кара деңизге чейинки жүк терминалдарынын тармагын түздү. Биздин аймак аркылуу 12 эл аралык транспорттук коридор өтөт: 5 темир жол жана 7 автоунаа жолу, алар аркылуу Кытай менен Европанын ортосундагы кургактагы жүк ташуулардын 85 пайызы ишке ашырылат. Албетте, мунун баары биз жеңил кирешеге ишене алабыз дегенди билдирбейт. Транспорт жана логистика геосаясаттын ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, бул тармактагы атаандаштык күч алууда. Бул тема жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине бекем кирип, Казакстан үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн алдын ала аныктайт.


Касым-Жомарт Токаев 2026-жыл Казакстан үчүн тагдыр чечүүчү жыл болот деп ишенет. Бул жылы өтө турган окуялар өлкөнүн өнүгүү векторун узак жылдарга аныктайт. Алардын ичинде конституциялык реформа боюнча референдум бар. Президент белгилегендей, көп өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда, алардын жыйындысы жаңы Конституцияны кабыл алууга барабар болушу мүмкүн. Экономикалык реформалар дагы андан ары өнүгөт. Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдык жолуна баа берүүнүн натыйжасында жаңы пландар иштелип чыгат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Быйыл иш көп болот. Масштабдуу саясий трансформациянын жаңы этабы башталып, экономикалык реформалар өнүгөт. Өлкөнү модернизациялоо чындап кайтарылгыс болуп, коомубуздун маңызын жана көрүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөртүшү керек. Биздин жарандар жаңы доордун реалдуулугуна көнүүгө тийиш. Бул оңой иш эмес. Бирок элибиз, айрыкча жаштар үчүн баары мүмкүн. Буга ишенем. Быйылкы жыл Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланды. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк, биз бул тууралуу буга чейин айтканбыз. Санариптик трансформация жана жасалма интеллектти киргизүү экономиканы жана жашоонун башка көптөгөн тармактарын – мамлекеттик башкаруудан баштап билим берүүгө жана медицинага чейин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мамлекет башчысы өзүнүн активдүү тышкы саясий ишмердүүлүгү тууралуу суроого да жооп берди. Касым-Жомарт Токаев иш сапарларынын жана сүйлөшүүлөрдүн жыш графиги Казакстандын эл аралык кадыр-баркынын өскөндүгүн жана эл аралык укуктун субъектиси катары ага болгон талаптын жогорулагандыгын белгиледи. Ошол эле учурда, ар бир сүйлөшүүнүн артында конкреттүү экономикалык натыйжалар турат. Мисалы, өлкө өткөн жылы 70 миллиард доллардан ашык суммага келишимдерге кол койгон. Евразиянын борборунда жайгашкан Казакстан байкоочу бойдон калбайт. Өлкөнүн өзүнүн көз карашы жана эл аралык мамилелердин негизги маселелери боюнча салмактуу позициясы бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков