Өкмөт үч жуманын ичинде 2022-жылга карата иш планын иштеп чыгышы керек. Мындай тапшырманы Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев жаңы премьер-министрге берди. Айта кетсек, Казакстандын Мажилисинин жыйынында Алихан Смаилов премьер-министр болуп дайындалды. Анын талапкерлигин палатанын депутаттары бир добуштан колдошту. Жаңы премьер-министр дайындалгандан кийин 2022-жылга карата негизги милдеттерди белгиледи. Алардын арасында «эффективдүү макроэкономикалык саясатты жүргүзүү, глобалдык өзгөрүүлөрдүн таасирине кабылган инфляцияны акырындык менен азайтуу жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу» кирет.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Учурда мамлекет башчынын жетекчилиги астында өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө, элдин үнүн уккан мамлекет концепциясын бекемдөөгө багытталган өзгөрүүлөр ишке ашырылып жатат. Ал жарандардын мыйзамдуу талаптарын эске алынат. Касым-Жомарт Кемелович Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча Сиздин тапшырмаңыз Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болот.
Айта кетсек, Алихан Смаилов ар кайсы жылдары мамлекет башчынын жардамчысы болуп иштеген. Буга чейин ал беш жыл Статистика агенттигинин төрагасы болгон. Эмгек жолунда эки жолу Казакстандын каржы министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылы өкмөт отставкага кеткенге чейин каржы министри кызматын аткарган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков