Казакстан менен Кыргызстандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Кыргызстандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки боордош өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана суу-энергетикалык тармактарда кызматташтыктын жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз мамилелеринин оң динамикасына үзгүлтүксүз саясий диалог, өкмөттөрдүн жана ишкер чөйрөлөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсү өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Казакстандын президенти  Кыргызстандын мамлекет башчысына өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар тууралуу да маалымат берди.  Садыр Жапаров Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү колдой турганын билдирди. Лидерлер аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков