Франция өнүктүрүү агенттиги Казакстандын аймагындагы бир
нече долбоорлорго грант бөлөт. Сенат тиешелүү келишимди жактырды. Бул документ
өлкөдөгү уюмдун ишинин укуктук, салыктык жана каржылык шарттарын аныктайт. Буга
чейин француз агенттиги атамекендик саламаттыкты сактоого 945 миң евро, Балхаш
көлүнүн планына 1,3 миллион евро, Арал аймагынын мектептериндеги билим берүү
иш-чараларына 2,4 миллион евро бөлүүнү пландоодо. Муну менен катар, техникалык
жардам катары Актау портун кеңейтүүгө жана электр тармактарын курууга колдоо
көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, эл аралык каржы институту дүйнөнүн 115 өлкөсүндө
адамдардын жашоо сапатын жакшырткан 4000ден ашуун демилгелерди колдоого алган.
Бибигүл Жексенбай, Парламент Сенатынын депутаты:
- Француз агенттиги каржылык өнүктүрүү институту катары
инфраструктуралык долбоорлорду каржылайт, негизинен энергетика, транспорт,
коммуналдык чарба тармактарында. Ошондой эле, агенттик суу жабдыктоо, санитария
жана ирригация тармагын каржылоону карап жатат. Франциянын өнүктүрүү агенттиги Өнүктүрүү
фонду менен биргеликте аялдардын ишкердүүлүгүнө насыя желесин уюштуруу жана
гранттарды берүү боюнча долбоорлорго техникалык көмөктөшүү аркылуу колдоо
көрсөтөт.
Ошондой эле, Сенат Евразия экономикалык биримдиги жана
Иран менен Сингапурдун ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну жактырды.
Бул документтер өз ара пайдалуу мамилелерди жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Башкача
айтканда, өз ара соодада өнүмдүн 90% га жакыны алымсыз ташылат. Мисалы, өлкөлөр
көптөгөн товарларга негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбоого
милдеттенме алышат.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Каралган эки макулдашуу тараптардын соода-экономикалык
кызматташтыгын кеңейтүү максатында иштелип чыкты. Алар товарларды жаңы рынокко
чыгаруу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу
шарттарды түзүүнү караштырышат. Мында тараптардын ортосунда келип чыккан
бажылык башкаруу, интеллектуалдык менчик, маалымат алмашуу маселелери ар
тараптан жөнгө салынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

