Мамлекет башчысы Жогорку аудитордук палатанын Төрагасы Алихан Смаилов менен мамлекеттик аудит жана каржылык көзөмөл системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин талкуулады. Палатанын алдында бюджеттик каражаттар менен мамлекеттик активдердин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүнү камсыз кылуу милдети турат, деп баса белгиледи президент. Өз кезегинде Алихан Смаилов мекеменин быйылкы жылдагы пландары жана мамлекеттик аудит системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча маалымат берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.