Казакстандыктардан
жаңы Конституциянын долбоору боюнча 4 миңден ашык сунуш түштү. Бул тууралуу
Конституциялык комиссиянын жетинчи жыйынында белгилүү болду. Спикерлердин
айтымында, масштабдуу конституциялык реформа башынан эле коом менен түз
байланыш принцибинде ишке ашырылууда. Сунуштар жөнөкөй жарандардан эле эмес,
окумуштуу-юристтерден, серепчилерден,
саясий партиялардан жана өкмөттүк эмес уюмдардан да түшкөн. Казакстандыктардын
көпчүлүгү өзгөрүүлөрдү оң баалап, конституциялык реформаны колдойт.
Жандос
Шаймарданов, Президент алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр
институтунун мүдүрү, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:
- Жаңы Конституциянын
долбоорун талкуулоо жүрүшүндө коомчулуктун Баш мыйзамга болгон мамилесинин
өзгөрүп жатканы байкалууда. Жарандардын бир кыйла бөлүгү Конституцияны
мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын аныктоочу укуктук документ катары гана
эмес, баалуулуктарды жана принциптерди бекемдеген, мамлекеттин өнүгүү багыттарын
белгилеген фундаменталдуу текст катары кабыл ала башташты. Жарандардын
сунуштарында конституциялык нормалар конкреттүү, колдонмо мүнөзгө ээ болуп,
күнүмдүк жашоого, социалдык адилеттүүлүккө жана мамлекеттик чечимдердин
сапатына түздөн-түз таасир этет деген күтүү айкын көрүнүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

