Казакстан
менен Эстония логистика, транзиттик ташуулар жана санариптештирүү жаатында
кызматташтыкты кеңейтүүдө. Серепчилер
белгилегендей,
дүйнөлүк соодадагы өзгөрүүлөрдүн фонунда өлкө эстон товарларынын Борбордук,
Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн барган сайын ыңгайлуу
багытка айланууда. Өз кезегинде
Эстония ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн
Европа рынокторуна чыгуусу үчүн эшик ачууда. Казакстан Балтика терминалдары
аркылуу дан жана май өсүмдүктөрүнүн экспортун көбөйтүүнү көздөөдө. Суу
ресурстарын башкаруу өзүнчө багыт болуп саналат. Эстония суу экосистемаларына
мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системаларын колдонууда, бул келечекте өлкөдө
талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле билим берүү жана стартап-экосистемасында өз
ара аракеттенүү өнүгүүдө. Аналитиктер Эстония санариптик кызматтар боюнча
лидерлердин катарына кирерин баса белгилешет.
Тимур Когабаев, Maqsut Narikbaev University профессору:
- Эстония – биринчи кезекте – дүйнөдө калктын
санына карата стартаптардын саны боюнча эң алдыңкы өлкө, алардын ийгиликтүү
стартаптары бар. Менимче, Эстония бизге туруктуу өнүгүү боюнча жол картасын чогуу
түзүүгө жардам берет. Ошондой эле биздин кызмат көрсөтүүлөрдүн
санариптик өнүгүүсүн колдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

