Жаңы Конституция мыйзамдарды масштабдуу түрдө кайра иштеп чыгууну талап кылат

Жаңы Конституция мыйзамдарды масштабдуу түрдө кайра иштеп чыгууну талап кылат

Казакстанда кабыл алынган жаңы Конституция бир катар мыйзамдарга, компетенттүү органдардын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. Бул иштер теке айынын 1не чейин аткарылат деп күтүлүүдө. Парламентаризм институту, серепчилер жана Сенаттын депутаттары алдыдагы мыйзамдык өзгөрүүлөрдүн иш тартибин талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө конституциянын элдик мүнөзүн сактап, жаңы мыйзамдарды кабыл алууда коом менен тыгыз байланыш түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Алишер Сатыбалдиев,  Парламент Сенатынын депутаты:

– Баш мыйзамды кабыл алдык, эми кандай иштер аткарылышы керек? Ал күчүнө киргенге чейин биздин мыйзамдык базабызга өзгөртүүлөр кажет. Коомдон кайтарым байланышты кантип жолго коёбуз, коомдун кандай талаптары бар? Муну эске алышыбыз керек, анткени биз конституциялык мыйзамдарды кабыл алабыз, тармактык мыйзамдарды кабыл алабыз, ошонун бардыгына негиз боло турган коомдон кайтарым байланыштын натыйжасы катары иш алып барышыбыз зарыл.

Бибигүл Жексенбай, Парламент Сенатынын депутаты:

– 60тан ашык мыйзамга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши керек. Ошондуктан, бул багытта эми Конституциянын кабыл алынганы бир, бирок ошол Конституциянын чыныгы жашоодо иштеши үчүн ар бир казакстандык аны жүрөгү менен сезип, аң-сезимдүү түрдө бул беренелерди аткарууга күч жумшашы керек. Башкача айтканда, бул бийликтеги адамдар же мамлекеттик башкаруу институттары гана эмес, казакстандыктардын бардыгы биргелешип аткара турган иш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков