Астанада Казакстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары кеңешинин 24-жыйыны башталды. Быйылкы саммиттин темасы: «Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу». Борбор калаага 16 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, бир катар эл аралык уюмдардын башчылары келишти. Саммиттин жыйынтыгы боюнча түрдүү тармактарда 20дан ашык документти кабыл алуу пландалууда. Бул биринчи кезекте ШКУнун эл аралык аймактык көйгөйлөр жана келечектүү изилдөөлөр боюнча позициясын чагылдырган Астана декларациясы, ошондой эле «ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы». Буга кошумча, жыйында байкоочу макамга ээ Беларустун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет катары кирүүсү каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков