Касым-Жомарт Токаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 9 айда 466 миллион доллардан ашканын билдирди. Ошондой эле, тараптар унаа жасоо тармагындагы ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын айтышты. Президент Минниханов бүгүн Саран шаарында Татарстан компаниясы курган дөңгөлөк заводунан алгачкы өнүмү өндүрүлгөнүн белгиледи. Компания жылына жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн 3,5 миллион дөңгөлөктөрдү чыгарат. Казакстандын президенти өз ара өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду колдоону уланта берерин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков