К.Токаев Ислам өнүктүрүү банкынын жана ИАКАО кеңешинин президенттери менен жолугушту

К.Токаев Ислам өнүктүрүү банкынын жана ИАКАО кеңешинин президенттери менен жолугушту

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл энергетикага өтүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну Казакстандын Президенти жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын башчысы талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев глобалдык экологиялык чакырыктарды жана өлкөгүн туруктуу өнүгүүгө умтулуусун эске алуу менен аталган демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ортосунда 1 млрд 153 млн доллар, анын ичинде республиканын суу ресурстарын өнүктүрүүгө 3,5 млн доллар грант өлчөмүндө келишимге кол коюлганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, бул банктын 51 жылдык тарыхындагы каржылоо көлөмү боюнча эң ири долбоор болуп саналат.

 

Нурлан Байбазаров, Улутутук экономика министри, Премьер-министрдин орун басары:

 

- Биз чындыгында негиз түзүп, бул саммитте Ислам Өнүктүрүү Банкынын эң ири инвестицияларын тартып жатабыз. Бул жакынкы үч жылда биздин өлкө боюнча 3,5 миңден ашуун жаңы каналдарды курууга мүмкүндүк берет. Долбоор биздин өлкөнүн 9 аймагын камтыйт. Сугат каналдарынан жана ирригациялык системалардан тышкары дагы 9 жаңы суу сактагычты реконструкциялап, курабыз.

 

ИКАОнун башчысы Казакстанды жарандык авиация тармагындагы таасирдүү ийгиликтери менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Сальваторе Шаккитано аба каттамдарынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле, ал уюмдун алдында Казакстандын туруктуу өкүлчүлүгүнүн ачылышы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Сальваторе Шаккитано, Эл аралык жарандык авиация уюмунун президенти:

 

- Биз биргелешкен долбоордун үстүндө иштеп жатабыз, бизде Казакстандын авиациясын өнүктүрүүнүн башкы планы бар. Биз бүгүн СОП-29да турабыз, бир жагынан ИКАОнун, экинчи жагынан 2050-жылга карата жарандык авиацияны декарбонизациялоо боюнча Казакстандын милдеттенмеси бар. Казакстан бул багытта жигердүү иштеп жатканын билебиз. Экологиялык таза авиа күйүүчү майды колдонуунун аркасында көмүртекти бөлүп чыгарууну 5%га чейин 2030-жылга чейин кыскартуу боюнча кыска мөөнөттүү максаттарыбыз бар жана Казакстан бул багытты толугу менен колдоорун билебиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков