Казакстан менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнү мындан ары бекемдөө маселелерин Президент Касым-Жомарт Токаев жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян телефон аркылуу талкуулашты. Казакстан Президентинин үстүбүздөгү жылдын чын куран айында Арменияга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков