Президент «Эгмонт» каржылык чалгындоо бөлүмдөрү тобунун төрагасын кабыл алды

Президент «Эгмонт» каржылык чалгындоо бөлүмдөрү тобунун төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы «Эгмонт» каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн тобунун төрагасы Эльжбета Франков-Яскевичти кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев дүйнөдөгү каржылык коопсуздукту чыңдоого жана активдерди кайтаруунун натыйжалуулугун арттырууга салым кошуп жаткан башкы эл аралык платформа катары аталган топтун мааниси зор экенине көңүл бурду. Казакстандын «акчаны адалдоого каршы» улуттук тутумун эл аралык стандарттарга ылайык андан ары өркүндөтүүгө ниеттүү экенин ырастады. Мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында «Мыйзам жана тартип» концепциясы кабыл алынганын жеткирди. Эльжбета Франков-Яскевич Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берип, анын натыйжалуулугун белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков