Премьер-министр Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Премьер-министр Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Казакстандын Премьер-министри Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу өлкө Президентинин тапшырмаларын аткаруу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү. Олжас Бектенов коргоо министринин стратегиялык жана инфраструктуралык объектилерди коргоону камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматын угуп, мамлекеттик органдардын аракеттерин күчөтүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду. Ыйгарым укуктуу түзүмдөрдүн жетекчилигине мамлекет башчысынын коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларынын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана кырдаалдын өзгөрүшү боюнча чукул режимде баяндама жасоо тапшырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков