Мамлекет башчысы «QazaqGaz» УК башкарма төрагасы С. Жаркешовду кабыл алды

Мамлекет башчысы «QazaqGaz» УК башкарма төрагасы С. Жаркешовду кабыл алды

Казакстан газ ресурстук базасын кеңейтүүдө. Жылдын аягына чейин жаңы Анабай кени ишке киргизилет. Мындан тышкары Придорожное кенин иштетүүгө даярдыктар башталды. Бүгүн QazaqGazдын жетекчиси Санжар Жаркешов президент Касым-Жомарт Токаевге биринчи жарым жылдыктын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал Бейнеу-Бозой-Шымкент газ куурунун экинчи линиясынын долбоорунун жүрүшүнө жана Кытай менен жаңы экспорттук келишимге кол коюу боюнча баяндап берди. Жолугушуунун жыйынтыгында президент ички рынокту туруктуу газ менен камсыздоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков