2024-жылы Казакстан ЖККУга төрагалык кылат. Өлкөнүн Мажилисинин төрагасы аталган уюмдун Парламенттик ассамблеясынын Москвада өткөн пленардык жыйынында бул кызматта республиканын ишинин артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Ерлан Кошановдун айтымында, бул ЖККУнун кызыктар өлкөлөр жана коопсуздук тармагында иш алып барган эл аралык түзүмдөр менен кызматташтыгын тереңдетүү. Анын ичинде БУУ, КМШ жана Шанхай кызматташтык уюму бар. ЖККУнун аскердик-илимий жана тынчтык орнотуучу дараметин өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле, курал-жарак жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешкен иштерди күчөтүү көздөлүүдө. Өзгөчө кырдаалдардын жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу менен катар, анын кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулат.
Ерлан Кошанов, Парламент
мажилисинин төрагасы:
- Минск шаарында
өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жетинин айындагы сессиясында Казакстан
Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев Казакстандын
төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды. Казакстандын мамилеси
уюмдагы калыптанган үзгүлтүксүздүктү эске алуу менен түзүлгөн жана ЖККУнун
мындан аркы прогрессивдүү өнүгүшүнө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков