Жетинин айы: Макрон менен Орбан Казакстанга келет

Жетинин айы: Макрон менен Орбан Казакстанга келет

Казакстан менен Франциянын президенттери соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жетинин айынын 1де Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Эммануэль Макрон республикага расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле айдын 2де Венгриянын премьер-министри расмий иш сапары менен Астанада болот. Касым-Жомарт Токаев менен Виктор Орбан бардык тармактарда эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү маселелерин талкууга алары күтүлүүдө. Ошондой эле жетинин айынын 3дө Казакстандын борборунда Түрк мамлекеттер уюмунун 10-мааракелик саммити өтөт. Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө – Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Жыйынга байкоочу өлкөлөр – Венгрия менен Түркмөнстандын лидерлери күбө болушат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков