Мамлекет башчысы Кыргызстандын
Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди
жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, өлкөнү
модернизациялоо багыты кеңири колдоого ээ болуп жатканын белгиледи. Буга жооп
катары Казакстандын Президенти көрсөтүлгөн колдоо жана Кыргызстандан келген
байкоочулардын катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал
конституциялык реформалар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана
жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Тараптар
эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жолдорун жана актуалдуу эл аралык
маселелерди талкуулашты. Ошону менен бирге, референдумдун
өтүшү менен Мамлекет башчысын куттуктоо дүйнөнүн башка лидерлеринен да келүүдө.
Орусиянын Президенти Владимир Путин конституциялык реформалар союздаштык
мамилелерди чыңдоого жана Казакстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошорун
белгиледи. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев реформалар өлкөнүн эл аралык
аброюн арттырып, элдин колдоосун дагы бир ирет тастыктай турганына токтолду.
Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жаңы Конституциянын кабыл алынышын
республиканын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышы деп атаса, Беларусь
Президенти Александр Лукашенко аны мамлекеттүүлүктү андан ары гүлдөтүү жана
бекемдөө үчүн ишенимдүү пайдубал деп сыпаттады. Ал эми Сербиянын
Президенти Александр Вучич реформалардын ырааттуулугун жана анын практикалык
натыйжаларын белгилесе, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жарандардын
көз карандысыз, укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин
жогору баалады. Касым-Жомарт Токаевге куттуктоолорун Түрк мамлекеттер уюмунун, ШКУ, КМШ, ЖККУ, ЭКУ жана
Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилери да жолдошту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

