Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу сооданын көлөмү 2,5 эсеге өскөн. Дагы да мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу Люксембургдун тышкы жана европалык иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушууда билдирди. Космосту изилдөө жана транспорт жагынан тараптардын кызматташтыгын арттырууга да шарттар кенен. Маселен, Европанын бул тармактагы эң ири жана жалгыз авиакомпаниясы Кытайдан Люксембургга Казакстан аркылуу жүк жеткире баштады. Учурда жумасына 7 каттам аткарылууда. Келечекте жүк ташуучу транзиттик кызматтардын санын 42ге жеткирүү көздөлүп жатат.
Мурат Нуртилеу, Тышкы иштер министри:
- Муну менен биз Казакстандын Батыш менен Чыгышты байланыштырган көпүрө катары дараметтүүлүгүн дагы бир жолу тактап алабыз. Мындан тышкары, космос мейкиндигин тынчтык максатта изилдөө жана пайдалануу боюнча Казакстан-Люксембург кызматташтыгын чыңдоонун дарамети кенен. Бүгүнкү күндө аталган багыттар боюнча тиешелүү документтерге кол коюу мунун ачык далили болуп саналат. Люксембургдун соода-өнөр жай палатасынын Казакстанга сапарын уюштуруп, анын жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулайбыз. Казакстан тарап биздин рынокко кирүүгө ниеттенген люксембургдук компанияларга жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө, биргелешип тышкы рынокко даяр өнүмдөрдү чыгарууга даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков