Премьер-министр Түндүк Казакстан облусунун суу ташкынына даярдыгын текшерди

Премьер-министр Түндүк Казакстан облусунун суу ташкынына даярдыгын текшерди

Түндүк Казакстан облусунда «Дрондордун бирдиктүү инфраструктурасы» долбоору киргизилип жатат. Ал быйылкы жылдан баштап аймактагы суу ташкыны абалына көз салып, ыкчам маалымат берүү үчүн колдонулат. Жасалма интеллект элементтери бар технологиялык чечим облуста иш сапары менен жүргөн премьер-министрге тааныштырылды. Олжас Бектеновго 1-көтөрүүчү насостук станцияны жаңылоонун жүрүшү көрсөтүлдү. Мында кургак жерде жана суу астында иштей ала турган 2 насос жана жаңы технологиялык жабдуулар орнотулат. Мындан тышкары өкмөт башчы селден сактоочу техникалардын даярдыгы менен да таанышты. Суу каптоо мезгилинде дамба чебин жаңылоо жана Есил дарыясына көпүрө куруу мерчемделип жатат. Олжас Бектенов Петропавл жана Сергеев суу түйүнүнө да барды. Бул объектилер калктуу конуштарды суу ташкындарынан коргоодо жана жашоочуларды суу менен камсыз кылууда чечүүчү роль ойнойт.

Шугайып Ибатуллин, «Казсушар» РМК Түндүк Казакстан филиалынын мүдүрү:

- Быйылкы 2025-жылга суу ташкынына каршы 20,3 миллион теңге акча бөлүнөт. Бул жерге 1000 чарчы метрге жакын таш алынып келинип, иш улантылат. Негизи быйыл эки суу сактагыч тең суу каптоого даяр, эч кандай коркунуч жок.

О. Бектенов суу ташкыны мезгилине даярдык тууралуу республикалык кеңеш өткөрдү

Премьер-министр Түндүк-Казакстан облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында суу ташкынына каршы даярдык боюнча республикалык кеңешме өткөрдү. Жыйында «Tasqyn» сууну болжолдоочу жаңы маалымат системасы сыяктуу санариптик чечимдер тааныштырылды.  Дарыялардын 128 участогундагы 142 гидростанцияда суу ташкынын симуляциялоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, суу сактагычтардан чыккан суунун көлөмү боюнча ыкчам маалымат автоматташтырылган жана коркунучту алдын ала эскертүүгө мүмкүндүк берген GloFAS глобалдык суу ташкыны тууралуу эскертүү системасы менен бириктирилген. Бүгүнкү күндө суу каптоо коркунучу бар аймакта 1200дөн ашуун калктуу конуш бар. Аларды коргоо үчүн топурак дөбөлөр жана коргоочу дамбалар курулду, 800 чакырымдан ашык суу буруу системалар, каналдар жана арыктар оңдолуп, салынды. Автоунаа жана темир жол байланыштарына 960 суу өткөргүч курулмалар орнотулуп, 74 дарыянын кооптуу участкаларында 500 чакырымга жакын жерде тереңдөө иштери жүргүзүлдү. Кеңештин жыйынтыгында Премьер-министр бир катар тапшырмаларды берди.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Жаздын башталышы жылуу жана жаан-чачындуу болоору күтүлүүдө. Биз ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Жер-жерлерге барып, аймактык комиссияларды түзүп, азыркы кырдаалды талдап, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырам. Былтыркыдай эле суу ташкына каршы иш-чараларды координациялоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штаб түзүлүүгө тийиш. Акимдер менен мекемелер жалган куран айынын башына чейин суу ташкыны мезгилине даярдыктарды бүтүрүүлөрү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков