Казакстандын борбору «кочкул-кызыл» зонадан «кызыл» аймакка өттү. Буга байланыштуу бүгүнтөн тарта соода жана көңүл ачуу борборлору, соода борборлору менен соода түйүндөрүнө саат 22.00гө чейин иштөөгө уруксат берилет. Башкы санитардык дарыгер Ерлан Кыясовдун токтомуна ылайык, «кызыл» зонада соода жана көңүл ачуу борборлору, соода борборлору жана соода түйүндөрү ишемби жана жекшемби күндөрүн кошкондо бардык күндөрү саат 22.00гө чейин иштей алат. Эпидемиологиялык абал жакшырып, күн сайын коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары азайып жаткандыктан, карантин талаптары жеңилдетилиши мүмкүн. Белгилей кетсек, теке айынын 18нен баш оона айынын 2не чейин Нур-Султан жана дагы төрт шаар «кочкул-кызыл» аймакта болгон. Баш оона айынын 4нөн бери борбордогу жугуштуу оорулар ооруканаларынын жүктөмү 69% пайыз болуп, шаар «кызыл» аймакка кайтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков