Сапаттуу интернетке жетүү үчүн рынокто атаандаштык болушу керек. Мындай пикир бүгүн борбордо өткөн Казакстандагы телекоммуникация жана санариптештирүүнүн өнүгүү келечеги аттуу тегерек столдо айтылды. Иш-чарага компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, тармактын адистери катышты. Жыйында жарыяланган маалыматка караганда, бул күнү уюлдук операторлор жай интернет жана сапатсыз байланыш үчүн мобилдик операторлорго 104 миллион теңге айып пул салынган. Учурда парламентте бул жааттагы коомдук көзөмөл боюнча мыйзам долбоору каралууда. Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү интернет менен байланыштын сапатын сынга алган.
Жанат Нургалиев, Борбор калаа боюнча коммерциялык эмес уюмдун башчысы:
- Пандемия мезгили чоң көйгөйдү ачыкка чыгарды. Интернетке муктаждык бар экенин жана анын сапаты төмөндөп жатканын көрдүк. Бул жерден биз атаандаштыкты түзүү зарылчылыгын көрүп жатабыз. Бизде бир нече уюлдук операторлор иш алып барат. Ал эми рыноктун мыйзамы боюнча атаандаштык бар жерде керектөөчү үчүн талаш-тартыш болору баарыбызга белгилүү. Кошумчалай кетсек, учурда коомдук көзөмөл жөнүндө мыйзам долбоору жактырылып жатат. Бул жарандарга интернеттин сапатына мониторинг жүргүзүүго, ага катышууга мүмкүндүк берет.
Которгон: илгиз Жамалбеков