Тарых, мекен, дүйнө тааным. Тамерлан Тлес чыгармаларында ушул темаларды козгойт. Санкт-Петербургда казакстандык скульптордун жеке көргөзмөсү ачылды. Чебер өз чыгармаларында казак элинин дүйнө таанымын улуттук тарых аркылуу көрсөтүүгө аракет кылат. Мындай эмгектеринин бири «Өмүр» панносу. Аны менен иштөө жүрүшүндө сүрөтчү сейрек кездешүүчү материалдарды издеп, үч континентти кыдырган. Жаңы өнүмдөр менен иштөөнү тажрыйбалуу адистерден үйрөнгөн. Тамерлан Тлес кол өнөрчүлүктүн байыркы ыкмаларын өркүндөтүп, заманбап технологиялар менен чебер айкалыштыра билгендиги менен айырмаланат. Экспозициянын өзү көркөм тилде айтылган окуя. Казак скульпторунун Санкт-Петербургдагы көргөзмөсү тогуздун айынын 9на чейин уланат.
Мария Филатова, мамлекеттик чыгыш музейинин илимий кызматкери
- Жергиликтүү тургундар Казакстан тууралуу көп билишпейт. Узак тарыхы, бай маданияты, терең философиясы бар керемет өлкө. Тамерлан чеберчилиги менен жакшы жеткире алган. Алардын чыгармачылыгы, колдонгон материалдары да ар башка. Ал мамонт мүйүзүн, металлды жана асыл таштарды да чебер айкалыштыра билет. Бул жерде казак элинин салттуу турмушунун сырларын баяндаган чыгармаларды көрүүгө болот. Таң калаарлык.
Тамерлан Тлес, айкелчи:
- Келген коноктор казак маданияты тууралуу маалымат алып, суроолорун берип жатышат. Биздин каада-салт, көк бөрү оюну тууралуу билгиси келгендер көп болду. Казак элинин маданиятын таанытуу мен үчүн сыймык. Искусство аркылуу биз элди бириктирип, түпкү маданиятыбызды дүйнөгө кеңири таанытууга аракет кылып келе жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков