Нур-Султанда Казакстандын дипломатиялык кызматына 30 жыл толгондугуна карата конференция өттү

Нур-Султанда Казакстандын дипломатиялык кызматына 30 жыл толгондугуна карата конференция өттү

Казакстандын дипломатиялык кызматына – 30 жыл. Бул окуяга арналган эл аралык конференция борбор калаадагы Тышкы иштер министрлигинин имаратында өттү. Иш-чарага тышкы саясат бөлүмүнүн ардагерлери жана кызматкерлери, чет мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык спикерлер катышты. Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, Казакстан эгемендүүлүк жылдарында 186 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүп, 50дөн ашык эл аралык уюмга мүчө болду. Ошону менен бирге, акыркы 30 жылдын ичинде республика инвесторлор үчүн регионалдык хабка айланып, ушул күнгө чейин 380 миллиард доллардан ашык чет элдик түз инвестицияларды тартты.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын тышкы иштер министри:

- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы баасы 3,67 миллиард долларды түзгөн чет элдик инвестициялардын катышуусунда 44 инвестициялык долбоор ишке берилди. Анда 6 миңден ашык жумушчу орундары түзүлдү. Азыркы учурда KAZAKHINVEST менен биргеликте чет мамлекеттердин катышуусунда 63 миллиард долларлык 450 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Эл аралык инвестициялар үчүн чоң атаандаштык болгон учурда биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн системалуу чараларды көрүп жатабыз.

30 жылдыктын урматына Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанына «убакыт капсуласы» салынды. Анда мааракелик датага ылайык 30 жыл бою министрликтин азыркы кызматкерлеринин кайрылуусу болочок дипломаттар үчүн сакталат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков