Казакстан президентинин кайрылуусу азыр дүйнө жүзүндө талкууланып жатат

Чет элдик серепчилер өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы багытын белгилеген стратегиялык документке өз ой-пикирлерин жана талдоолорун айтышты.

Тактап айтканда, европалык алдыңкы «Modern Diplomacy» басылмасы белгилүү каржы аналитиктеринин бири Люк Родехеффердин Казакстандын жаңы экономикалык модели чет элдик инвесторлор үчүн ачык жана жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө багытталганы жазылган макаласын жарыялады. Касым-Жомарт Токаев экономиканын 6-7% стабилдүү өсүшүн максат кылууда. Бул 2029-жылга чейин улуттук экономиканы эки эсеге көбөйтүп, 450 миллиард долларга жеткирет. Амбициялуу максат макроэкономикалык туруктуулукка бекем умтулууну көрсөтүп турат. Акыркысы чет элдик инвесторлор көңүл бурган негизги көрсөткүчтөрдүн бири дейт талдоочу.

Бирок италиялык Il Giornale гезити Казакстан президентинин кайрылуусуна арналган макаласында жаңы демилгелерди талдоо менен катар ал баштаган реформалардын айрым жыйынтыктарын да келтирет. Басылма өлкө санариптештирүү жаатында чоң ийгиликтерге жетип, IT жана каржылык технологиялар тармагында лидер болууга умтулуп жатканын жазган. Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда Казакстан аталган тармактардагы трансулуттук корпорациялар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө даяр экенин билдирди. Республика ошондой эле кайра жанма энергия булактарын кеңейтүүгө жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция тартууда. Бул багыттар биргелешип Астанага Борбор Азиянын экономикалык локомотивинин макамын биротоло бекемдөөгө мүмкүндүк берет.


Кийинки «Pakistan Today» басылмасы Казакстан өзүн дүйнөлүк аренада динамикалуу оюнчу катары көрсөтүп, ошол эле учурда элинин жашоо сапатын жакшыртып жатканын белгилеген. Реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөнүн бакубат жана адилеттүү келечекке умтулуусун көрсөтөт. Макаланын автору белгилегендей, мамлекет башчысынын оор унаа жасоо жана авто өндүрүштү локалдаштыруу сыяктуу тармактарды тездетип өнүктүрүү чакырыгы экономиканы системалуу түрдө ар тараптандыруу багытындагы конкреттүү кадамдардан кабар берет.