Премьер-министр Түндүк Казакстан облусуна барды

Премьер-министр Түндүк Казакстан облусуна барды

Премьер-министр Түндүк Казакстан облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаңы турак жайларды куруу жана суу ташкынан жабыркаган турак жайларды оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Петропавлда Өкмөт башчы жаңы курулган үйгө барды. Олжас Бектенов кырсыктын кесепеттерин жоюуга түшүнүү менен карап, кол кабыш кылган жашоочуларга ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, облустун жабыркаган тургундары үчүн 600 үйдүн курулушу баш оона айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Жалпысынан кичи райондо 700 үй жана 90 орундуу бала бакча курулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков