К. Токаев Г. Головкинди Бокс даңкы залына киргизилиши менен куттуктады

К. Токаев Г. Головкинди Бокс даңкы залына киргизилиши менен куттуктады

Мамлекет башчысы Геннадий Головкинди Эл аралык бокс даңк залына расмий киргизилгени менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин кеңешчиси – маалымат катчысы Айбек Смадияров билдирди. Касым-Жомарт Токаев бул тарыхый окуя анын глобалдык спорт үчүн маанилүү мурасын көрсөткөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, Геннадий Головкин – өлкөнүн спорттогу даңкынын символу жана эл аралык спорт коомчулугунда анын элчиси. Казакстандын Президенти планетанын мыкты мушкерлеринин биринин ийгилик тарыхы жаш муундарды жогорку максаттарга жетүүгө мындан ары да шыктандырат деген ишенимин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков