Казакстанда 20 суу сактагыч курулат. Алардын курулушун 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Суу чарба жана ирригация министри билдирди. Тиешелүү мекеменин башчысы Нуржан Нуржигитов белгилегендей, бул объекттер калктуу конуштарды суу ташкынынан сактоого багытталган. Аларды ишке ашыруу 137 миң калкы бар 70 айылды суу каптоо коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Кошумчалай кетсек, тармак жетекчисинин айтымында, өлкөнүн 9 облусунда 15 суу сактагычты реконструкциялоо иштери башталат. Бул жазгы жаан-чачындуу мезгилде 75 миң адам жашаган 64 калктуу конушта суу каптоо коркунучун азайтууга жардам берет. Ошондой эле, республикада селден коргоо жана алдын алуу боюнча узак мөөнөттүү комплекстүү план иштелип чыгат.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
- Болуп өткөн окуялардан сабак алып, ишти жаңыча, натыйжалуу уюштуруу керек. Ошол эле учурда, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу элге өз убагында жеткирүү маанилүү. Ири көлөмдөгү суу ташкындарынын себептерин аныктоо жана аларды жоюу боюнча сунуштар менен кырдаалга толук талдоо жүргүзүү зарыл. Ар бир регион географиялык жана аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иш-чаралардын планын кайра карап чыгышы керек. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү мамлекеттик органдар жана акимчиликтер менен биргеликте 2025-2029-жылдарга суу ташкынын алдын алуу планын иштеп чыгууну тапшырам. Бул ишке тажрыйбалуу тармактык адистер тартылышы кажет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков