Күн энергиясын натыйжалуу пайдалануу

Күн энергиясын натыйжалуу пайдалануу

2025-жылга чейин Түркестан облусунда кубаттуулугу 48 МВттык 7 объекттин курулушу пландалууда. Анын ичинде 4 суу жана 3 күн электр станциясы курулат. Долбоор чет элдик инвесторлордун колдоосу менен ишке ашат. Алар толук кубаттуулукта ишке кирсе, керектүү энергияны өндүргөндөн сырткары, аны экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда күн энергиясын чогултуу боюнча Түркестан облусу республикада алдыңкы орунда турат.

Роза Сариева, Облустук энергетика жана турак жай коммуналдык чарбасы башкармасынын башчысынын орун басары: 

- Азыркы учурда облуста жалпы кубаттуулугу 278 МВт болгон 21 ЖЭБ объектиси иштеп жатат. Алардын ичинде жалпы кубаттуулугу 16 МВттык 8 суу электр станциясы бар. Дагы 13 күн электр станциясы 262 МВт энергия өндүрөт. Бул аймактын күнүмдүк керектөөсүн толугу менен камсыздайт.

Бүгүнкү күндө Казакстанда кайра жанма энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү болжол менен 6% жетти. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2030-жылга карата электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө альтернативдүү энергиянын үлүшүн 15%га чейин жеткирүү милдети турат. Бул максатта тиешелүү башкармалык жыл сайын аукцион өткөрүүнү, ошондой эле, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартууну көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков